14:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кино анонс. Экранда тамашоучу жигиттердин тасмалары

«Жер тоголок»

Жыл жаңырары менен тамашоучу Кубаныч Курманбековдун эмгегине таандык «Жер тоголок» аттуу тасманын бет ачары болду. Анда башкы ролду режиссер өзү жана дагы бир тамашоучу Самат Эркинбеков ойногон.

Тасмадагы Арман кичинекей кезинен оорулуу балдар үйүндө чоңоет. Ал эч качан башка жакка чыгып көргөн эмес. Маестро болсо ооруканага дарыланганы келип, Арманга жолугат. Экөө достошуп, ооруканадан качып чыгышат. Максаты Армандын ата-энесин табуу эле. Башкы каармандар ар кандай кызыктуу окуяларга туш болушат. Алар Армандын ата-энесин табабы же кармалып калышабы, тасмада баары камтылган.

Андан тышкары, кинотеатрларда «Делбирим» жана «Такебай» тасмалары көрсөтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, «Делбирим» тасмасы Түркия жана Орусияда дагы мекендештерге сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар