04:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Оштун вице-мэринин кызмат ордуна Жасур Азимов дайындалды

Оштун вице-мэринин кызмат ордуна Жасур Азимов дайындалды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган мэр буга чейин курулуш жана муниципалдык менчик тармагын жетектеп келген. Тиешелүү жарлыкка мэр Таалайбек Сарыбашев кол койду. 

Жасур Азимов буга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде "Каржы жана салыктар" кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал шаардык кеңештин депутаты болгон. 

Жасур Азимов — экономика илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөөлүү, 2 баласы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар