23:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат акыйкатчыга ырайым кылуу өтүнүчүн киргизүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Укук тартиби, жемкорлукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда «Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери тууралуу» мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечи Исхак Масалиев акыйкатчыга ырайым кылуу өтүнүчүн киргизүүгө уруксат берүүнү сунуштады.

Депутат Мирлан Жеенчороев буга каршы пикирин билдирди. Айтымында, айыпкер ырайым алуудан мурда күнөөнү мойнуна алышы керек.

Депутаттардын айткандарына ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев мындай деди: «Ырыйым кылуу тууралуу акт соттолуучуга берилет, ал эми мыйзам туугандары, уюмдар жана акыйкатчы тарабынан ырайым суроого тыюу салбайт», -деди ал.

Мирлан Жеенчороевдун айтымында, комиссия ишти таза аткарбайт. Мунапыс менен бошотулгандардын арасында киши өлтүргөндөр да болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума