19:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Финансы министринин орун басарын кызматтан бошотуу өтүнүчү өкмөткө жөнөтүлдү

Финансы министринин орун басарын Мирлан Байгончоковду кызматтан бошотуу өтүнүчү өкмөткө жөнөтүлдү. Бул тууралуу министр Адылбек Касымалиев билдирди. 

Анын айтымында, тышкы карыздын көлөмүндө көрсөтүлбөй калган 637 миллион сом боюнча төрт кызматкерге сөгүш жарыяланып, Мирлан Байгончоковду жумуштан алуу сунушу өкмөткө жөнөтүлдү. 

"Бул техникалык ката. Программа иштебей 637 миллион сом көрсөтүлбөй калган", - дейт ал.

Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, 637 миллион сом кандайдыр бир белгисиз түзүм менен, же балким акчаны эсептөө ыкмасынын өзгөчөлүгү менен тышкы карыздын көөлөмү жазылган таблицада көрсөтүлгөн эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар