20:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Лунара Мамытова дагы кызматынан алынды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетти. Өкмөттүн маалыматы боюнча, аны өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Лунара Мамытова өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын өткөн жуманын аягында жазган. Мамытова арыз жазууга кимдир-бирөөнүн басымы болгон-болбогону боюнча комментарий бере албасын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл» деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.

Аида Касымалиева «мамлекеттик кызматкерлер эс алууга чыкканда дипломатиялык паспортторун колдонуп жүрүшкөн» деп билдирген.

Министрдин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн дипломатиялык паспортун кызматтык максатта гана колдонуп келгенин, мындай айыптоолорго негиз жок экенин айткан.

Бирок Башкы прокуратура өз иликтөөсүнө таянып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштери үчүн колдонгону аныкталганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар