14:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков: КМШнын калкы эң билимдүү

«КМШ өлкөлөрү дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгүн түзөбүз деп ойлойм» — деп билдирди. президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында.

Өлкө башчысы учурда эмгек рыногу жана мезгил жаңы талаптарды коюп жатканын белгиледи.

«Анткени ишмердиктин бардык түрүнүн интеллектуалдашуусу кайсы өлкөдө болбосун жалпы тенденция болуп калды. Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп жатат. Билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат. Биз да Кыргызстанда билим берүүнү реформалоонун жолдорун издеп жатабыз», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков билим берүү тутумундагы реформалардын бири катары билим берүү технологияларынын жана электрондук окутуунун эсебинен, азыркыдан да ачыгыраак жогорку билим берүү системасын түзүү зарылдыгын көрсөттү.

«Биз билим берүү менен илимдин ортосунда тыгызыраак интеграцияга жетишүүбүз зарыл. Билим берүү менен катар мектептин тарбиялык функциясы сакталып эле калбастан, азыркыдан да чоңураак мааниге ээ болот. Бул иште ата-энелер коомчулугу менен мектеп өнөктөш болушу керек. Акыркы жылдары биз муну унута баштадык», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар