10:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент кыргызстандыктардын баарын кыргызча үйрөнүүгө чакырды

Кыргызстандын бардык жарандары кыргыз тилин билиши мамлекеттик маанидеги милдет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында айтты.

Ал кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш экендигин белгиледи.

«Кыргызстанда өлкөдө жашаган бардык улуттардын тилдерин, салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекетибиздин Конституциясында жарандарыбыз мамлекеттик, расмий жана дүйнө тилдеринин бирин билүү принциби бекитилген. Кыргызстанда орус тилине расмий статус берилген», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби