Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Токтомго ылайын төмөнкү мекемелердин кызматкерлеринин айлыгына кошулат:
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;
- Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;
- С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;
- Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;
- «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.
Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:
- Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;
- М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;
- С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.