05:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте жер аянттарын ижарага бергендей түр көрсөтүп жеке менчикке беришүүдө

Бишкекте жер аянттарын ижарага бергендей түр көрсөтүп жеке менчикке берип жатышат. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда депутат Нурбек Алимбаев билдирди.

Айтымында, борбор калаада жер аянттарын менчиктештирүү үчүн жемкорлук ыкмасы колдонулууда.

«Биринчи узак мөөнөткө жерди ижарага алышат. Мисалы, 49 жылга. Кийин ижарага алынган жер үчүн кызыл китеп алынат. Мындай жол менен муниципалдык жерди менчиктештирип жатышат», -деди депутат.

Анын кесиптеши Тынчтыкбек Конушбаев мындан эч кандай жаман нерсе көргөн жок. Анын пикиринде, Жер кодексине ылайык буга жол берилет.

«Ижарага алган жарандын менчиктештирип алууга укугу бар», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар