00:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Калыс-Ордо» жаңы конушунда жер басып алууга шектелген киши абакка киргизилди

«Калыс-Ордодогу» жер аянтын басып алууга шектүү № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы ШИИББга шилтеме берип жазды.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 1983-жылы туулган О.А. 2 айга камакка алынды», - деп билдиришти мэриядан.

Факт «Бөтөн жерди өз алдынча басып алуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эске салсак, 15-октябрда «Калыс-Ордо» калктуу конушунда 100гө жакын киши муниципалдык жер аянтын басып алууга аракет кылышкан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар