13:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош облусунда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кырсыктын себеби такталууда.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 300 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп, 1,5 тонна сарымсак, 1 тонна картошка, 1 тонна арпа, 170 солярка күйгөн. Себеби азырынча белгисиз.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыктары катталды.



Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби