13:55
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

21 жаштагы Айгерим Оморова изделип жатат

21 жаштагы Айгерим Оморова изделип жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 ай мурун Айгерим Оморовага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал жеке ишканада кассир болуп иштечү. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ири суммадагы акчаны алып качып кеткен. Шектүүгө сыртынан күнөө тагылган.

ОИИБ изделип жаткан кыздын туугандары аны жоголду деп милицияга кайрылышпагандыгын айтат. Бирок, кыздын эжеси арыз жазганын билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар