19:39
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Акыркы 4 жыл аралыгында кыргызстандык 93 баланы чет өлкөлүктөр асырап алышкан

2014-жылдан 2018-жылга чейин кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан 4 миң 141 бала асырап алышкан. Бул тууралуу парламенттик отурумда Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова билдирди.

Айтымында, балдардын көпчүлүгүн (4 миң 48 ) жергиликтүү жарандар, 93 баланы чет өлкөлүктөр багып алышкан.

«Балдардын басымдуу бөлүгүн, 88 баланы АКШ жарандары асырап алышты. 1 баланы Финляндиялыктар, 2 баланы Канадалыктар, 2 баланы Швециянын жарандары багып алышты», -деди ал.




Эң көп окулган жаңылыктар