15:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Үч облуста 280 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеме бала бакчаларды ачуу үчүн тандалып алынган имараттарда, кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү (реабилитациялоо), санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү (септик, сантехникалык жумуштар) үчүн тендер жарыяланды.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзөт. Доолбоор жергиликтүү бийлик тарабынын бала бакча үчүн сунушталган имарат же кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт, санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, тарбиячыларды окутуудан өткөрөт, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, билим берүү (эмерек, килем, оюнчуктар, окутуу куралдары, балдар аянтчалары) үчүн керектүү болгон жумуштарды аткарат. Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча 20 миңден ашуун баланы камтууга мерчемделген.

Эң көп окулган жаңылыктар