19:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңеште ар бир төрөлгөн наристеге банктан атайын эсеп ачуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин 30 депутаты биригип, ар бир төрөлгөн наристеге банктан атайын эсеп ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ал кечээ парламентте биринчи окууда кабыл алынды.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоор жарандардын билим алуу жана социалдык камсыздоо укугун коргоого багытталган.

«2022-жылы 18 жашка толгондордун саны 102 миң 851ди түзсө, анын 67 миңи мектепти аяктап, 24 миңи окуу жайга тапшырган. Анын бир себеби — акча тартыштыгы. Ата-эне малын сатып болсо да баласын окутат, бирок шарт туура келбегендиктен, көптөр окуунун ордуна иштеп, же миграция кетишет. Эгер биз келечекте билимдүү муунду тарбиялайбыз десек, анда бул мыйзам долбоорун кабыл алып, ишке ашырышыбыз керек», — дейт ал.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекет ар бир төрөлгөн балага банктан эсеп ачат. Ал эсепке ата-энеси, жетимдерге кайрымдуулук фонддор жана башка жарандар дагы акча которуп турушат. Аманатты 18 жашка толгон жаран эки максатта гана колдоно алат: билим алууга жана ипотеканы алуу үчүн алгачкы төлөмдү төлөөгө.

Финансы министрлигинин билдирүүсүндө, долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен 11 миллиард сом талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар