10:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин жана бир катар райондордун жаңы прокурорлору дайындалды

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ведомстводо кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокутартурадан билдиришти.

Бишкек шаардык прокурору болуп Бекмамат уулу Темирбек дайындалды. Оштун прокурору Кубат Абдраимов болду.

Ленин районунун прокурору болуп Марат Кулжабаев, Жети-Өгүз районунун прокурору болуп Мирлан Ашырбаев, Тоң районунун прокурору болуп Тилек Сарбагыш уулу дайындалышты.

Ал эми Кара-Кулжа райондук прокуратурасын Эмил Ашырбаев башкарат. Ош облустук прокурорунун орун басары каза болгон Торо Кожошевдин ордуна Сүйүн Мамыров келди.

Эң көп окулган жаңылыктар