16:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жогорку Кеңештин депутаты «Эйр Кыргызстанды» Кытайга сатууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу «Эйр Кыргызстанды» Кытайга берүүнү сунуш кылды.

«Эйр Кыргызстандын» коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып атыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, «бул жакка 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз» деген маалымат бар экен да. Эң жакшы болгон 2012-жылы 35 миллион сом киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси. Бул «Эйр Кыргызстандай» компания үчүн уят.

Адыл Жунус уулу

Кыргызстандын Транспорт министри Жамшитбек Калилов учурда кытайлык компаниялар аталган компанияга кызыгып жатканын ырастап, бирок ««Эйр Кыргызстанды» сата алабыз» деп айтуу кыйын экенин билдирди. Анын айтымында компанияда иштеген адамдардын айлыгын төлөй албагандан кийин, «муну сатабыз» деген чечим деле күмөн жаратат.

 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума