11:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Депозиттик эсепке 6 миллион сом түштү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жемкорлук менен күрөшүү үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке 6 миллиондон ашуун акча которду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, июлдун башынан бери эсепке 172 миллион 659 миң сом которушту.
 
Белгилей кетсек, өткөн жумада УКМК 6 миллионго жакын каражат которгон болчу. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 12-сентябрга карата аталган эсепке жалпы 395 миллион 590 миң сом келип түшкөн.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар