УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы менен бажы кызматы аткезчилик жол аркылуу алынып келинген тоок этти аныкташты. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз жол аркылуу кесип өткөн оор жүк ташуучу унаа токтотулган.Текшерүү маалында жалпы салмагы 20 тонналык тоок эти табылган. Мыйзамсыз жол аркылуу алынып келинген товардын болжолдуу баасы 4 миллион 800 миң сомду түздү.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.