13:13
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Депутат Өзбекстан менен Казакстанга сууну сатууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкө аймагындагы суу сактагычтарда түзүлгөн кыйчалыш абалга өкмөттүн көӊүлүн буруп, коңшу өлкөлөргө сууну сатууну сунуштады. Бул тууралуу ал 27-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

"Таластагы Киров суу сактагычында 2 миӊ гектар жер суу астында калган. Биз болсо анда Казакстанга суу топтоп берип жатабыз. Дегеле суу сактагычтарда топтолгон суунун 90 пайызын Казакстан менен Өзбекстан көп жылдан бери акысыз пайдаланууда. Өкмөт аларга акы төлөтүү чарасын колго алууга тийиш", — деди депутат.

Ал ошол эле учурда Таластын өзүндө суу жетишсиз болуп жатканын, мунун айынан айыл чарба өнүмдөрүнүн баасы өтө төмөн болуп, дыйкандардын мээнети акталбай жатканын белгиледи. Ал буурчактын баасы быйыл 30-35 сомдон, кайналынын (кара өрүк) баасы 7-10 сомдон ашпаганын кошумчалады.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган. Суу сактагычка 550 миллион куб метрге чейин суу батат. Суунун 88 пайызын Казакстан, калган 12 пайызын Талас облусунун Манас району пайдаланат.

Казакстан суунун акысы үчүн жыл сайын 70 миллион теңгеге суу сактагычтын ремонт иштерин бүтүрүп берет. Кыргызстан бул сумма аз экенин дайыма айтып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү