09:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармашты

«Акжол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран унаанын ичиндеги отургучтардын астына жашынып алган.

1974-жылы туулган айдоочу унаасын айдап өткөрүү пунктуна келген. Чек арачылар унаанын ичинде жашынып отурган жаранды таап чыгышты. Сурактын жүрүшүндө, 33 жаштагы жаран шарттуу түрдө соттолгондугун айтып, чет жерге чыгууга тыюу салынганын кошумчалады. Ал таксист менен сүйлөшүп, акча берип коңшу мамлекетке бара жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар