06:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Министрлик Лунара Мамытовага карата айтылган сынга жооп берди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын министрдин орун басары Лунара Мамытовага карата айтылган сынына жооп берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалым болгондой, депутат Лунара Мамытованын чет өлкөгө болгон сапары тууралуу сын айткан.

Лунара Мамытова аталган министрликтин башчысынын орун басары кызматына 2016-жылдын 15-ноябрында келген. Ал бул убакыт аралыгында 3 жолу чет өлкөгө чыккан. Былтыр 28-сентябрдан 29уна чейин Италиянын Турин шаарына учуп барып, социалдык коргоо боюнча МОТ Академиясынын сессиясына катышкан. Бул жылы 30-апрелден 11-майга чейин АКШга барып, «Социалдык коргоо түйүнү боюнча» программасынын негизги курсуна катышкан.

«Иш-чарага карата чакыруу Лунара Мамытовага келип түшкөн. Чыгымдардын баарын чакырган тарап көтөргөн. Курс англис тилинде өткөн. Депутат Аида Касымалиева айткандай, Хайнань аралына дипломатиялык паспорту менен барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал бул сапары үчүн дипломатиялык паспортун пайдаланган эмес, ал эмгек өргүүсү маалында өз эсебинен барган. Чет өлкөгө боло турган иш сапарлары тууралуу Лунара Мамытова алдын ала жетекчиликти кабардар кылып турган», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар