Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчаларга 42 миң 176 бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, электрондук кезекте 4 миңден ашуун бала турат. Бишкекте 3 миң 751, Ошто 311 наристе бала бакчага барам деп күтүп жатышат.
Аталган шаарлардагы 118 бала бакчага 13 миң 794 бала электрондук кезекке турган. Дагы 1010 баланы эсепке киргизүү күтүлүүдө.