USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

ЖАМК: Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы

09:19, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

№ 47 түзөтүү абагында отурган Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кечээ № 47 түзөтүү абагына барып аны менен жолугушканын айтты.

«Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун сурап, абалын билдик. Абалы жакшы, баары жайында экенин айтты. «Интернет колдонуучулардын бири сизди «жүрөк оорусу кармап каза болду» деп маалымат таратып жиберди» десем, таң калып калды. Ал эми азыр китеп окуу менен алек болуп жатканын айтты», — деди Элеонора Сабатарова.

Эске салсак, 23-сентябрга караган түнү Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялап, бир канча убакыттан соң кайра өчүрүп салган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика