Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаа кагышып, кесепетинен «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, күйүп кеткен унаанын айдоочу каза болду.
Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 1987-жылы туулган тургуну чоң жүк ташуучу унаасы менен бара жатып, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааны арт жагынан уруп алган. Натыйжада өрт чыгып, күйүп кеткен.