09:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун Белизгейт үчүн кызматтан кетүү ниети жок

КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун Белизгейт үчүн кызматтан кетүү ниети жок. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, УКМК тарабынан таратылган Белизгейт тууралуу маалымат такталса, кызматтан кетем деп эч качан айткан эмес.

Буга чейин Эдил Байсалов Twitter баракчасына КТРКнын жетекчисине эгер далилденбесе кызматтан кетем деп убада бергенин кыйытып өттү. Илим Карыпбеков болсо телеканалдын эфиринин маани-мазмуну үчүн жооп бере тургандыгын айтып, кызматтан кетем деген эмесмин дейт.

«Мен мыйзамдуу түрдө өз мөөнөтүм менен кетем», — деди Илим Карыпбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар