17:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Камчыбек Жолдошбаев Илим Карыпбековдун урматына той өткөрүлгөнүнө капа

Камчыбек Жолдошбаев КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбековдун урматына той өткөрүлгөнүнө капа. Бул тууралуу ал бүгүнкү отурумда айтты.

Депутат КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевден болуп жаткандардан кабары барбы деп кызыгып сурады. Жыпар Жекшеев бул ушак экенин, эч кандай той болбогонун айтты.

«Менде чакырылган меймандарга тамак-аш таратылып жатканы тууралуу видео бар. Албетте, сизди ал жакка чакырышкан эмес. КТРК кандайдыр бир иш-чара уюштуруп, билет боюнча гана киргизишти. Сатыктан түшкөн акчанын отчету кайда? Сиздер уктап жатканча, салык кызматы бул маселе менен алектенүүдө», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар