00:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажикстандык жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын 1999-жылы туулган жараны көзөмөл пунктунан сырткары аймактан өтүп бара жатканда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн. Текшерүү маалында анын жанында документтери жок болуп чыкты.

Кармалган жаранга айып салынып, тиешелүү документтер толтурулду. Ал Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар