Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу, электр жарыгы өчүрүлө турган көчөлөр:
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Серегин менен Великолукская көчөсүндө, 7-12-кичи районундагы № 2-6, 12, 13 үйлөрдө, Бакай-Ата конушундагы Ак-Сай, Нооруз, Кошой, Анар, Арашан, Ак-Балта көчөлөрүндө жана Көк-Жар конушундагы Тоң жана Куйручук көчөлөрүндө;
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин — Достук кичи районундагы № 6 үйдө;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин — Кожомкулов, Мусулманкулов көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында;
Саат 9:30дан 19:00гө чейин — «Бишкекшаарсууканал» ишканасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында;
Саат 13:00дөн 15:00гө чейин — Абдымомунов менен Киев көчөлөрүндө;
Саат 13:00дөн 18:00гө чейин — Москва жана Некрасов көчөлөрүндө;
Саат 15:00дөн 17:00гө чейин — Жаш Гвардия бульварында жана Бөкөнбаев көчөсүндө.