02:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусияда кыргызстандык террордук уюмга башка жарандарды тартып жүргөн

Орусиянын Якутиядагы Федералдык коопсуздук кызматы, кыргызстандык 22 жаштагы жаранды «Джебхат ан-Нусра» эл аралык террордук уюмга башка жарандарды тартып жүргөндүгү үчүн кармашты. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазып чыкты.

Кыргызстандык жаран уюмга тартуу үчүн социалдык түйүндү колдонуп келген. Алгач ал жихадды пропаганда кылган ислам багытындагы интернет топко кирген. Ал интернет аркылуу Сириядагы террорчулардын ишмердүүлүгүн жактаган жана актаган материалдарды тартып жүргөн.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар