14:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көлдө изделип жаткан израилдик турист табылды

Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң капчыгайында 1990-жылы туулган Ш. М. аттуу израилдик турист адашып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларына 8 куткаруучу тартылып, бүгүн туристти табышты.

Анын абалы туруктуу экени айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума