08:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын жарандары ID-карт менен Тажикстанда 60 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары ID-карт менен Тажикстанда 60 күн каттоосуз жүрө алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Макулдашууга ушул жылдын 1-февралында Душанбеде кол коюлган.
 
Парламентте Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарына кирип-чыгуу тартиби тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуунун ратификацияланышын талкуулап жатышат. 
 

Депутат Дастан Бекешев Өзбекстан менен дагы ушундай сүйлөшүүлөр качан болот деп кызыкты. ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар