13:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектин акыркы 5 мэринин портреттери шаар башчыларынын галереясына илинди

Бишкектин акыркы 5 мэринин портреттери муниципалитеттин имаратында жайгашкан шаар башчыларынын галереясына илинди. Такта 10 жылдан бери жаңыланган эмес.
 
Акыркы жолу 2005-2007-жылы мэрлик кызматты аркалаган Арстанбек Ногоевдин портрети илинген.
 

«Акыркы мэрлердин портреттерин менин буйругум менен илишти, сүрөтчүлөргө акысын төлөп бердим. Галереяда 1917-жылдан бери шаар башчысы болгон мэрлердин портреттери илинген. Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Исы Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун портреттерин илип койдук», — деп 24.kg агенттигине мэр Азиз Суракматов билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар