01:01
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэрин жамаатка тааныштырды

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбор калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовго күбөлүктү өз колу менен тапшыруу үчүн Бишкек мэриясына келди. 

Жыйын залына шаар башкармалыктардын жетекчилери, муниципалитеттин аппаратынын кызматкерлери жана аткаминерлери чогулушту. Өкмөт башчысы жаңы шаар башчысынын алдыга койгон максаттарды аткараарына ишенээрин айтты.

Азиз Суракматов эсеп боюнча Бишкектин 15-мэри болуп шайланды. Ал 1971-жылы Фрунзеде төрөлгөн. Кыргыз архитектуралык-курулуш институтун жана Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар