00:35
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кайназарова, Профсоюзная, Талды-Суу, Бурдинская көчөлөрүндө жана Маданият конушунда,

9:00дөн 11:00гө чейин Скрябин көчөсү (№ 13Б, 43-үй) жана Байтик баатыр көчөсүндөгү № 9-үй,

9:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар конушунда (Кулмурзаев, Керемет, Куйручук, Молдокулов көчөлөрү), Бакай-Ата конушунда (Ырчы, Табылды, Анар, Көкчө, Нооруз, Конорчок, Сыргак көчөлөрүндө) жана Фрунзе көчөсүндөгү № 300-үй. 

9:30дан 12:00гө чейин Ала-Тоо конушунда (Талды-Булак, Кара-Алма көчөлөрүндө),

9:30дан 18:00гө чейин Садырбаев, Серафимович, Кемин, Серёгин, Фучик (ЧЧКдан ары жагы), Бөкөнбаев, Коёнкөзов көчөлөрү жана Арча-Бешик конушунда,

9:30дан 19:00гө чейин Кирпичная, Осмонкул, Древесная, Жданов, Абдыкадыров, Суворов, Разин, Кайыңды көчөлөрү жана Тугучинский тар көчөсүндө, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында жана 12-кичи райондогу № 42-46, 48-53-үйлөрүндө электр жарыгы өчөт.

Эң көп окулган жаңылыктар