18:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Торо Кожошевдин туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты

Ош облусунда муунуп өлгөн прокурордун орун басарынын туугандары соттук-медициналык экспертизидин баш тартышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ОИИБдан билдиришти.

Торо Кожошовдун өлүмү боюнча факт иликтенүүдө.

«Каза болгон кишинин сөөгүн алгач жубайы көргөн. Учурда баардык божомолдор текшерилүүдө. Торо Кожошевдин туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты», -деп жазылат маалыматта.

24.kg агенттигине маалым болгондой, Торо Кожошов каза болгон күнү отпускадан жумушка чыгышы керек болчу. Анын артында 6 баласы калды.

Эң көп окулган жаңылыктар