Тажик, казак, орус жана кыргыз аскерлери Баткенде машыгуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүгүнүн маалымат кызматы билдирет.
Алардын маалыматында, «Мекен Чеги-2018-Кыргызстан» биргелешкен атайын чек ара операциясы 28-сентябрга чейин Казакстан, Тажикстан, Россия аскерлери менен бирге Баткен облусунда машыгууларды жүргүзөт.
«Операциянын башкы максаты КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы чек арасындагы мыйзамсыз иш аракеттерге жана кылмыштуулукка бөгөт коюу», — деп айтылат маалыматта.