11:22
USD 69.85
EUR 78.66
RUB 1.03

Өлкө боюнча 11 миң 911 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды

31-августтан 6-сентябрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкө боюнча 11 миң 911 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 932 айдоочу башка айдоочуларга жолдо тоскоолдук жараткан, ал эми 1156 айдоочу жарыктандыруучу жабдыгы жок унаа башкарган. Мындан тышкары 248 айдоочу жол чырагына баш ийген эмес.

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 605 унаа токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар