24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Жаңы төрөлгөн балага азанды кайсы жерде, ким айтышы керек?
Жооп: Ымыркайга азан төрөлгөндөн кийин алгачкы күндөрү айтылат. Илгертен эле кыргыздар ысым берерде айтып келишкен. Дин боюнча азанды билген киши айтса боло берет. Ал үчүн мечитке барыш дагы милдет эмес.