Айтымында, азырынча шишиктин канчалык коркунучу бар экендиги аныктала элек.
«Бирок, дарыгерлер аны тез арада операция кылуу керек экендигин айтышууда. Өмүрбек Текебаев операция кылууга уруксат бере элек. Учурда ал неврология борборунда дарыланууда», — деди Таалайгүл Токтакунова.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология борборуна 1-августта алып келишкен.