11:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ташкент шаар башчысы окуучуларга бекер планшет тапшырды

Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артикходжаев 5-сентябрда № 169 мектептин 1-классынын 246 окуучусуна бекер планшет таратты.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Ташкент шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Жахонгир Артикходжаев өзү да ушул мектепти аяктаган.

№ 169 орто мектептин 1-класстарынын окуучулары чиновниктин колунан Samsung Galaxy Tab A улгүсүндөгү планшеттерди алышты. Мектеп директорунун айтымында, быйыл 1-класста 246 бала окуйт.

Жахонгир Артикходжаев Ташкент шаарынын башчылыгына быйыл апрель айында дайындалган. Буга чейин ал «Артель инжиниринг» компаниясында директор болуп иштеген жана Tashkent City мекемесин жетектеген. Артикходжаев терезе чыгаруучу Akfa компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар