11:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын мектептеринде болжол менен 79 миң мугалим иштейт

Кыргызстандын мектептеринде болжол менен 79 миң мугалим иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 24.kg агенттигине билдирди.

Маалым болгондой, август айында алынган билдирүүгө ылайык, мектептерде 1 миң 960 мугалим жетишпейт.

Тактап айткандай, башталгыч класстардын мугалимдери (20 пайыз), орус тили мугалимдери (12,3 пайыз), математика мугалимдери (11,8 пайыз), англис тили мугалимдери (8,7 пайыз), физика мугалимдери (8,2 пайыз) жетишсиз болууда.

2018-2019-окуу жылына карата 1 миң 745 жаш адис мектептерге бөлүштүрүлдү. 

Ранее сообщалось, что осенью 2018 года часть учителей в Кыргызстане может остаться без работы из-за распределения недельной учебной нагрузки.

Эң көп окулган жаңылыктар