17:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Экинчи Бурулай. Сот иштеринин жүрүшү жабык түрдө болот

Кыз ала качууга жана зордуктоого шектелип жаткан жаран күнөөнү мойнуна алган жок. Кылмыш иши Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Сот иштеринин жүрүшү жабык түрдө болот. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди. 

Анын айтымында, соттолуучу күнөөнү мойнуна албай жатат. Ал кызды зордуктабай макулдугу менен жатканын айткан.

Мындан тышкары кызды ала качууга көмөктөшкөн жигиттин эжесине дагы айып тагылууда. Ал жабырлануучуну үйүнөн алдап алып чыгып, жигиттин колуна салып берген. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума