20:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экинчи Бурулай. Кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, кызды ала качкан жигитке карата аялды зордоп турмушка чыгууга мажбурлоо жана зордуктоо беренелери боюнча айып тагылууда. Мындан башка кызды ала качууга жардам берген жигиттин эжесине дагы кылмыш иши козголду.

Эске салсак, 10-июнда Бишкекте кызды алдап үйүнөн алып чыгып унаага отургузуп алып кетишкен. Жабырлануучу буга чейин ала качкан жигитти таанычу эмес. Милиция кызды издеп тапканда, аны зордуктап салганы аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар