17:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кумтөрдүн келишим шартын кароо кечеңдеди

Кыргызстандын өкмөтү канадалык «Центерра» компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты. «Центерра» компаниясы расмий сайтында аталган макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылганын жарыялады. Буга чейин өкмөт макулдашууну аткаруу мөөнөтүн 24-августка чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алган.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги макулдашуунун шарттарын кайра кароо эмнеге кечеңдеп жатканы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Кыргызстандын өкмөтү быйыл июнь айында 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароо ниети бар экенин жарыялаган.

Аталган документке ылайык, «Центерра» жылдык экологиялык төлөмдүн өлчөмүн 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар, онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон.

Казылган кенди толтуруу коруна жыл сайын 6 миллион доллардан которуп туруу жагы да макулдашылган. Кыргызстандын өкмөтү анын ордуна 2013-жылы «Центеррага» койгон экологиялык 100 миллион долларлык доодон баш тартмак.

Чечимге ылайык былтыр онкологиялык кызматты колдоого инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллиону которулган.

Кийинки келген Абылгазиевдин өкмөтү «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдө кандай жыйынтыкка келгени белгисиз. Ал макулдашуунун шарттарын кайра кароо мөөнөтү эмнеге узартылганы боюнча дагы түшүндүрмө берген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар