Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда изделип жаткан 2 кыз табылды. Бул тууралуу кыздардын апасы билдирди.
Маалыматка таянсак, кыздар 4-август күнү чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан.
«Кыздарды тартип сакчылары табышты. Алардын ден соолуктары жакшы», — деди апасы.
Эске салсак, 4-августтан бери 13 жана 15 жаштагы бир туугандар изделип жаткан.