17:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстан телеканалдарына эфирде Каримовдун атын атоого тыюу салынды

Жума башында Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынды.

«Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, мындай буйрук президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов тарабынан берилген.

Өзбек телеканалдарынын биринин башкы редакторунун айтымында, эфирде Ислам Каримовдун атын таптакыр эскербөөнү талап кылышкан. Мындай тыюу бир ай мурун киргизилген.

«Бул сунуш эмес, талап болду. Интеллигенциянын эски мууну дайыма Каримовду эскерүү менен сүйлөйт. Андыктан мындай тобокелчиликтүү категориядагы кишилерди эфирге чыгарбоо боюнча бардык чараларды көрдүк», — деди ал.

«Ëшлар» телеканалынын журналистинин билдиришинче, эфирде Ислам Каримовдун атын гана эмес, сүрөттөрүн жана эстеликтерин көрсөтүүгө да тыюу салынды.

Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясы бул боюнча расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар