11:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Араван районундагы мечиттен өрт чыкты. 2 кишинин жансыз денеси табылды

Ош облусуна караштуу Араван районунун Гүлбар айылында мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде 2 кишинин жансыз денеси табылды. Алардын өздүгү такталууда.

Өрт бүгүн таңкы саат 7:15те чыккан, жарым сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби