20:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамекинин ээлери кармалды

Кыргыз-казак чек арасында аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамекинин ээлери кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык 2 жаран жана казакстандык бир жаран «Акжол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан тамекилерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Текшерүү маалында акциздик маркасы жана тиешелүү документи жок 3 миңден ашуун тамеки кутусу табылды.

Товар Казакстандын жаранына тиешелүү болуп чыкты. Ал Кыргызстандан өз өлкөсүнө ташып бараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума