Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында УКМКнын кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектерди таап чыгышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Мерседес-Бенц Спринтер-311» унаасын токтотуп, аны текшерүү маалында 46 кутуга салынган стрептоцид жана линкомицин табылган.
«Жүктүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бериле турган сертификаты жок болуп чыкты. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.